Актер зордуктоого шек саналып кармалганы кабарланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмү (РИИБ) кабарлагандай, Ч.М. аттуу адам зордуктоого шек саналып, кармалды.

Бул факт Кылмыш кодексинин 155-беренеси ("Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети") менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Шектүү Ч. М. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Свердлов райондук соту шектүүнүн бөгөт чарасын карап, аны эки айга камакта калтырды.

Айрым маалымат каражаттары шектүү таанымал актер жана режиссер экенин жазып чыгышты.

Дагы караңыз

Үрүмчүдөн Кыргызстанга товар ташуу жандандыАКШ Орусия менен Беларустун дагы 120 ишканасын "кара тизмеге" киргизди2-апрель - Аутизм жөнүндө маалымат таратуунун эл аралык күнүCOVID-19 тогуз адамдан аныкталды, бир өмүрдү алдыСоттолгон бажычы Боронбаев депутат болду Салафизмдин кылмышка түрткөн агымыКыргызстан каржы уюмдардан 9,9 миллиард сом алат