Орусия Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө дан азыктарын экспорттоого киргизилген чектөөсүн алганын Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 1-апрелде кабарлады.
Маалыматта Орусиянын Айыл чарба министрлиги берген уруксаттын негизинде ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан азыктарын экспорттосо боло турганы айтылат.
15-мартта Орусия өкмөтү ички рынокту коргоо максатында өлкөдөн дан азыктарын чыгарууга 31-августка чейин тыюу салган.
Кыргызстан дан азыктарын Орусиядан жана Казакстандан сатып алат.
ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган. (RK)
Дагы караңыз
Куудулдар: Сатира сапаты коомго жараша болотUSAID кулчулукка кабылган кыргыз жарандарына жардам берүү долбоорун баштадыБишкек: таштанды жайга бөлүнгөн акчадан улам төрт кылмыш иши козголгонЖогорку сот мурдагы милиционердин өтүнүчүн колдоодон баш тартты