Жогорку Кеңеште бир мандаттуу шайлоо округдарынын шайланып келген депутаттардын “Элдик” тобунун 1-апрелдеги көчмө жыйыны Бишкектеги таштанды полигонунда өтүп жатат. Анда мэриянын жетекчилери менен бирге таштанды маселелери жана анын чечүү жолдору талкууланмакчы.
Буга чейин Бишкектин түндүк тарабындагы таштанды төгүлүүчү жайды жөнгө салуу үчүн Европа өнүктүрүү банкынан 22 миллион евро бөлүнөрү, анын теңи насыя түрүндө берилери кабарланган. Таштанды полигонун жөнгө салуу долбоорун эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясы утуп алганы айтылган.
Февраль айында ошол кездеги шаар мэри Айбек Жунушалиев бул каражаттын 10,5 миллиону коротулганы менен эч кандай иш жасалбаганын айткан.
Бишкек шаарына караштуу Санитардык полигон ишканасынын көзөмөлүндөгү шаардык таштанды талаасы учурда оор абалда. Техниканын жетишсиздигинен улам убагында түртүлбөй, сорттолбогон таштандылар белгиленген аймактан чыгып кеткен.
Бишкектеги таштанды жай 1978-жылдан бери колдонулуп жатат жана убагында 400 миң кишиге эсептелген. Азыр борбордо миллиондон ашык киши жашайт.
Дагы караңыз
Европага ишке чакырган алдамчылар Сомдун баасы күчтөндү. Кырдаал дагы өзгөрөбү?Орус жарандыгы: муктаждык жана тобокелчилик Кумаркана: талаштуу мыйзам коомдук талкууга чыкты Оппозиция бийликке атаандаш болгусу келет