Украинадагы согуш: Борбор Азия кайсы тарапта?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украинада миңдеген кишинин өмүрү кыйылып, шаар-кыштактар талкаланып, калкынын чейреги жер которууга аргасыз болгон маалда Борбор Азия мамлекеттери так позициясын билдирбей, бейтарап калууну тандагандай. Саясий жана экономикалык жактан Москвага көз каранды чөлкөм канчага чейин эки анжы болуп тура алат? Жаңы кырдаалда Борбор Азия геосаясий багытын өзгөртөбү?