Мамкатчынын орун басары: Орусия Украинада "чоң жоготууга" учурады

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд

Орусия Украинага басып киргенден бери "чоң жоготууга" учурап жатканын Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд 29-мартта билдирди. Ал "Настоящее время" каналына курган маегинде орус армиясы 10 миңдей аскеринен айрылганын айтты.

"Тилекке каршы, орусиялыктар украин армиясынын бекем күчүн ушул күнгө чейин толук сезе алган жок деген ойдомун. Алар болуп көрбөгөндөй жоготууларга учурап жатат. Биздин баамыбызда 10 миңден ашуун орус аскери мерт болду",-деди Нуланд.

Москва өз аскерлеринин арасындагы жоготуулар тууралуу эки гана жолу расмий маалымат берген. 2-марта Орусиянын Коргоо министрлиги 498 аскери курман болгонун билдирсе, үч жумадан ашык убакыттан кийин алардын саны 1351ге жеткенин кабарлаган.

Бирок Москванын көрсөткүчү Батыш менен Украина көрсөткөн сандардан кыйла аз. Украин бийлиги 17 миңдей орус аскери мерт болгонун кабарлап келет.
Азырынча бул сандарды көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн эмес.

Нуланд АКШ 29-мартта Стамбулда өткөн Орусия менен Украинанын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүнү кубаттарын, бирок ок атышуу токтомоюнча, олуттуу диалог тууралуу айтуу эрте экенин кошумчалады.

Орус-украин делегациясынын өкүлдөрү Стамбулдагы сүйлөшүүдө жылыш байкалганын ишарат кылышкан. 30-мартта Кремл Украинанын өз сунуштарын бергени оң көрүнүш деп баалаганы менен Стамбулдагы сүйлөшүүдө олуттуу жылыш болбогонун билдирди.

29-мартта украин президенти Зеленский Киев Москва менен сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин, бирок Украинанын суверендүүлүгү менен аймактык бүтүндүгүнө байланыштуу эч кандай компромисске барбай турганын айткан.

Дагы караңыз

Фото журналист жарандык активистке каршы жазган арызын кайтарып алды Баткен: айыл башчылардын бөгөт чарасы 31-мартта каралмай болдуЧаус: орус армиясы Черниговго сокку урууну уланттыКадамжайда айыл башчыларды бошотуу талабы айтылдыКремл Украина менен сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыш болбогонун билдирди