Баткен: айыл башчылардын бөгөт чарасы 31-мартта каралмай болду

Лейлек прокуратурасынын алдындагы акция. 2022-жылдын 25-марты.

Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл аймагынын төрагасы Саатбек Эгембердиев, Бешкент айыл аймагынын башчысы Бекжан Жалиловдун бөгөт чарасын кароо 31-мартка жылды.

Бүгүн, 30-мартта Баткен райондук сотунун судьясы жумуш убактысы бүтүп калганына байланыштуу, ишти кароону жылдырган. Бул тууралуу адвокат Асылбек Кунгуров "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, алгач Лейлек районунда боло турган сот Кадамжай, кийин Баткен райондук сотуна которулган.

"Кармалгандарды бошотууну талап кылгандар азыр соттун имаратынын алдында турушат. Эмнеге которулуп жатканын расмий айтыша элек. Тергөө Баткенге өткөрүлүп берилген үчүн деп айтышууда. Кылмыш болду деген жер Лейлекте болуп жатса, күбө, айыпталып жаткандар Лейлекте болуп жатса, эмнеге бул жакка которгонун түшүнбөй жатабыз. Эртең боло турган сотто ишти Лейлекке өткөрүү боюнча өтүнүч келтирем", - деди жактоочу.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл аймагынын тургундары, камалган айыл башчыларды бошотуу талабы менен бүгүн, 30-мартта Кадамжай райондук сотунун алдына чогулушкан.

Адилет сот чечимин чыгарууну талап кылган айыл башчылардын жакындары бүгүн Бишкекте, Башкы прокуратуранын имаратынын алдына согулушту. Алар 24-мартта кармалган Жаңы-Жер айыл аймагынын төрагасы Саатбек Эгембердиев, Бешкент айыл аймагынын башчысы Бекжан Жалилов жана Жаңы-Жер айыл аймагынын катчысы Акжол Абдуллаевге карата козголгон кылмыш иши негизсиз болуп жатканын айтып, акыйкаттыкты талап кылып, Башкы прокуратурага кайрылышты.

Дагы караңыз

Мыйзамсыз менчиктештирүүнү айтып чыккан айыл башчылары кармалды


Өткөн аптада иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү жер бөлүштүрүүдөгү мыйзам бузуу боюнча сюжет жарыялаган. Анда айыл өкмөттүн мурдагы жетекчилери жер бөлүштүрүүдө алешемдикке жол бергени, аларды облустук прокуратуранын кызматкерлери калкалаганы баяндалган.

23-мартта Башкы прокуратура Исаковдун сюжети боюнча текшерүү жүрүп жатканын маалымдаган. Мындан көп өтпөй аталган тасмада мыйзамсыздык боюнча айтып чыккан Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов, учурдагы жооптуу катчы Акжол Абдуллаев камакка алынган. Кийин Абдуллаев үй камагына чыгарылган.

Буга нааразы болгон Лейлек районунун тургундары эки күндөн бери нааразылык акцияларын уюштуруп жатышат.

26-мартта баш прокурордун буйругу менен бул чырда аты аталган Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асадов, Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Калмурзаев кызматтан алынганы белгилүү болду.

Дагы караңыз

Чаус: орус армиясы Черниговго сокку урууну уланттыКадамжайда айыл башчыларды бошотуу талабы айтылдыКремл Украина менен сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыш болбогонун билдирдиЭкономика министрлиги бааны сом менен көрсөтүү керектигин эскертти