Бишкекте 4-апрелден баштап жылуулук берүү токтотулат

Бишкек ЖЭБи.

Бишкек мэриясы борбор калаада жылуулук берүү 4-апрелден баштап токтотуларын билдирди. Мындай чечим күз-кыш мезгилине даярдык боюнча ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынды.

“Гидрометеорология башкармалыгынын маалыматына ылайык, 31-марттан тарта абанын температурасы жогорулайт. Катуу суук күтүлбөйт”, - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Буга чейин Ош мэриясы жылуулук берүүнү 1-апрелден тартып токтотуу чечимин кабыл алган. Маалыматка ылайык, аба ырайы беш күн катары менен 8 градустан төмөн болбосо, жылуулук берүү токтотулат.

Жылуулук Бишкек шаарында 2021-жылдын 5-октябрында, Ошто 21-октябрдан тартып бериле баштаган.

Дагы караңыз

Доллардын сомго карата курсу дээрлик 7% төмөндөдүБишкектеги финтехтин жатаканасында өрт чыктыЛондондо Дарига Назарбаевага таандык делген хансарай сатыкка коюлдуЗеленский: украиндер конкреттүү жыйынтыкка гана ишенет