Украин өкмөтү орус күчтөрүн Чернобылдан чыгып кетүүгө чакырды

Чернобыл АЭСи.

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук орусиялык аскерлер Чернобыл атомдук станциясынын аймагынан чыгып кетиши керек экенин айтты. Анын мындай сөзү камтылган видео кайрылуусу 30-мартта украин президентинин Телеграмдагы каналына жарыяланды.

"Биз Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши өзөктүк кырсыктын кайталанып кетишин алдын алуу үчүн Чернобыл аймагын аскердик күчтөрдөн бошотуу жана БУУнун атайын миссиясын ишке киргизүү багытында чукул чараларды көрүшүн талап кылабыз", - деди Верещук.

Ал Украина 29-мартта өткөн сүйлөшүүлөрдө Орусияга согуштан катуу жабыркаган шаарлар менен кыштактардын калкын чыгарып кетүү үчүн 97 коридор ачууну сунуш кылганын кошумчалады.

Орусиянын күчтөрү Чернобыл АЭСине 24-февралда көзөмөлүн орноткон. Буга карабастан атомдук станцияны украин адистери тескеп келет.

1986-жылдын 26-апрелинде Чернобыл станциясында дүйнөнүн атом энергетика тарыхындагы эң ири кырсык болгон. Радиоактивдүү түтүн Беларусту да каптап, андан ары кара туман Орусиянын айрым жерлерине жана Европанын көп бөлүгүнө тараган. Чернобылдын акыркы реактору 2000-жылдары ишин токтоткон.

29-мартта Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэл Гросси Киевге келип, Украинанын атомдук станцияларынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча украин өкмөтүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Дагы караңыз

Доллардын сомго карата курсу дээрлик 7% төмөндөдүБишкектеги финтехтин жатаканасында өрт чыктыЛондондо Дарига Назарбаевага таандык делген хансарай сатыкка коюлдуЗеленский: украиндер конкреттүү жыйынтыкка гана ишенетКыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңеш түзүлдү