Британия орус күчтөрүнүн артка кайтуу максатын түшүндүрдү

Киевдин четинде поезд салып бараткан орус танктары, 28-март 2022-жыл.

Британиянын чалгын кызматы Украинадагы согуш талаасында чоң жоготууга учураган орус күчтөрү өз түзүмүн кайра карап чыгуу жана керектүү каражаттар менен өзүн кайра жабдуу үчүн Орусияга жана коңшу Беларуска кайтууга аргасыз болгонун билдирди.

Британиянын Коргоо министрлигинин Чалгын башкармалыгы мындай билдирүүсүн 30-мартта Твиттерде жарыялады.

"Мындай ишмердик Орусиянын ансыз да кыйынчылыкка кептелген логистикасына басымды күчөтөт жана Орусия Украинанын ичиндеги аймактардагы аскердик бөлүктөрүнүн эки жакка жайгаштыруудагы кыйынчылыктарды күбөлөйт", - деп айтылат билдирүүдө.

Британ чалгын кызматынын прогнозуна ылайык, Орусия жөө күчтөрүнүн азайган манёврларынын ордун толтуруу үчүн артиллериялык жана ракета аткылоолорун күчөтүшү мүмкүн.

Орусиянын армиясы Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинада миңдеген жайкын тургундардын жана аскерлердин өмүрү кыйылды.

Шейшембиде Украина менен Орусиянын делегацияларынын Стамбулдагы сүйлөшүүсүндө жылыш байкалганы кабарланды. Москва Киевдин айланасындагы жана Украинанын түндүгүндөгү аскердик операциясын басаңдата турганын билдирди.

Киев башка бир нече өлкө Украинанын коопсуздугуна кепилдик берсе жана Москва Украинанын Евробиримдикке кошулуусуна тоскоолдук жаратпаса, эч кандай аскердик биримдиктерге кошулбоого жана чет элдик аскерлерди жайгаштырбоого макул экенин белгиледи. Бул сунуштар эми Кремлге жөнөтүлөт.

Украин делегациясынын өкүлү Михаил Подоляк Твиттерге Орусия 2014-жылы аннексиялап алган Крымдын маселеси аскердик эмес, саясий-дипломатиялык жол менен чечилерин жазды.

Дагы караңыз

Сеид Атамбаев мурдагы президентке байланышкан окуяны иликтөө үчүн комиссия түзүүгө чакырдыИИМ Орусияда маңзат соодасына айыпталган мигранттар 71% өскөнүн билдирдиСалык кызматы үч айда 17 миңден ашык ишкер ККМ колдонууга өткөнүн билдирдиАмерикалык туристтерди Кыргызстанга тартуу максатында жыйын өттүДепутат Өзбекстан Керкидан аймагында жол куруп баштаганын билдирди