ИИМ Орусияда маңзат соодасына айыпталган мигранттар 71% өскөнүн билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

2021-жылы Орусиянын аймагында баңгизат сатуу, ташуу, колдонууга байланыштуу кыргызстандыктар аралашкан 327 учур катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 71% көп. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү Нурлан Жанбаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 2020-жылы ушул эле берене менен 191 адам кармалган. Алардын басымдуу бөлүгү жаштар. Оңой акча табууга азгырылгандар өзгөчө 2019-жылдагы пандемиядан кийин күчөгөн.

"Азыр жаштардын баары эле социалдык тармактарда отурат. Инстаграмм, Тик-Ток, Фейсбук аркылуу алдын алуу аракетин көрүп, кайрылууларды жасаганбыз. Блогерлерди тартып Орусиянын аймагында роликтерди таратканбыз",-деди Жанбаев.

Ушул тапта ар кандай берене менен Орусиянын абактарында 985 кыргызстандык кылмыш жоокерчилигине тартылып, жаза мөөнөтүп өтөп жатат. Алардын 30% маңзат ташууга байланыштуу.

Орусияда азыркы тапта расмий эсеп боюнча 600 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранттары бар. Бейрасмий эсепте 1 миллиондон ашуун.

Дагы караңыз

Салык кызматы үч айда 17 миңден ашык ишкер ККМ колдонууга өткөнүн билдирдиАмерикалык туристтерди Кыргызстанга тартуу максатында жыйын өттүДепутат Өзбекстан Керкидан аймагында жол куруп баштаганын билдирдиЖК Төрөбаевдин талапкерлигин өкмөт башчынын орун басарлыгына жактырды