Жогорку Кеңеш 30-марттагы жалпы жыйынында Бакыт Төрөбаевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындоого макулдук берди.
Талкуу учурунда депутатттар өкмөт өкүлдөрү азык-түлүк каатчылыгы, баалардын көтөрүлүшү, жазгы айдап-себүү иштери жана ишкерлерди колдоо өңдүү маселелерге көңүл бурушу керектигин эскертишти.
Ушул кезге чейин Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт - Кыргызстан” фракциясынын төрагасы болуп турган Бакыт Төрөбаев 49 жашта. Ал “Ак жол”, “Республика” жана “Өнүгүү-Прогресс” партияларынын тизмеси менен дагы шайлоолорго катышып, жалпысынан Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын депутаты болгон.
Бакыт Төрөбаев 2009-жылы өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.
Дагы караңыз
Бангладеш жарандарынын маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлдүЛейлектин тургундары Башкы прокуратурага кайрылдыОрусиядагы кыргыз жарандарынын 5% аскерге милдеттүү болушу ыктымалдыгы айтылдыМамытов Матвиенко менен жолугушууда мигранттар, жүк ташуу маселесин көтөрдү ЖК: комитет ишкерлерди текшергендерди көбөйтүүнү колдоду