Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков бүгүн, 30-мартта парламенттин жалпы жыйынында Кыргызстанга иштегени келип, бирок укуктары бузулганына даттанган Бангладеш жарандарынын маселесин көтөрдү. Эл өкүлү бул маселе боюнча тийешелүү мекемелерге кат жөнөтөрүн айтты.
"Алар аркылуу Кыргызстандын инвестициялык климатына, өлкөнүн имиджине зор зыян келип жатат. Мен атайын кат дагы жөнөтөм. Тийиштүү мекемелер чара көрсүн", - деди Кадырбеков.
Марттын башында Кыргызстанга иштегени келген Бангладештин он чакты жараны эмгек келишими бузулуп, аз айлык алып жатканын, башка чарбалык жумуштарга тартылганын айтып чыгышкан. Жумуш берген тарап муну четке кагып, бенгалдар тиккенине жараша айлыгын алып жатышканын билдирген.
Тигүү цехине иштегени келгендердин арызын милиция териштирүүдө. Буга чейин "Азаттык" укуктары бузулган бенгалдар тууралуу материал жасаган. Ички иштер министрлиги бул маселе боюнча билдирүү таратып, бул факты 2022-жылдын 2-мартында ИИМде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталганын кабарлаган. (КЕ)
Дагы караңыз
Мамытов Матвиенко менен жолугушууда мигранттар, жүк ташуу маселесин көтөрдү ЖК: комитет ишкерлерди текшергендерди көбөйтүүнү колдоду Нурбек Токтакунов убактылуу кармоочу жайдан чыктыКамбар-Ата-1 ГЭСин курууга 500 миллиондой доллар бөлүнөт