Нурбек Токтакунов убактылуу кармоочу жайдан чыкты

Нурбек Токтакунов 25-мартта камалган.

Адвокат Нурбек Токтакунов убактылуу кармоочу жайдан 30-мартта эртең менен саат 8.30да чыкканын “Азаттыкка” анын жактоочусу Бакытбек Автандил уулу билдирди. Ал шаардык соттун Токтакуновду беш суткага камоо тууралуу өкүмүнө каршы Жогорку сотко арызданууга болбой турганын айтып, Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитетине кайрылышарын маалымдады.

Укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова 17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинадагы баскынчылык аракеттерди токтотуу талабы менен пикетке чыккан жана аларды милиция кармап кеткен. Сот аларга үч миң сомдон айып пул салган.

Сотто аларга жактоочу болгон Нурбек Токтакуновду Биринчи май райондук соту 24-мартта судьяларды тилдеген деген негизде беш суткага камоо тууралуу чечим чыгарган жана 25-мартта камакка алынган. Бул чечимди шаардык сот күчүндө калтырган.

Дагы караңыз

COVID-19: эки бейтап каза болду, оору 14 адамдан аныкталды Жарандыгы жокторго документ берүү боюнча жумушчу топ түзүлөт Алматы: Шинжаңдагы туугандарын айтып акцияга чыккандар кармалды “Кыргызнефтегаз” былтыр 173,5 миң тонна мунай өндүргөн Европанын төрт мамлекети орусиялык дипломаттарды чыгарарын жарыялады