29-мартта Нидерланд, Бельгия, Ирландия жана Чехия тыңчылыкка шектелген орус дипломаттарын чыгарарын билдиришти.
Нидерланддын Тышкы иштер министрлиги тыңчылык кызматкерлеринин функцияларын аткарып жүргөн 17 орусиялык дипломат чыгарыларын билдирди.
«Себеби, дипломат катары аккредитациядан өткөн кызыкчылыгы бар адамдар жашыруун чалгын кызматкерлеринин ишин аткарып жүрүшкөн»,-деп жазылат мекеменин билдирүүсүндө.
Дипломаттар Нидерланддан эки жума ичинде чыгып кетиши керек. Тышкы иштер министри Вопке Хукстардын айтымында, алар мындай чечимди Нидерланддын коопсуздугу үчүн кабыл алынды.
Жалпысынан Нидерландда 75 орусиялык дипломат аккредитациядан өткөн. Хукстар Орусия жооп чара кабыл алып, голландиялык дипломаттарды чыгарышы мүмкүн экенин боолгоду.
Ирландия өз чечимин орусиялык дипломаттардын иши эл аралык стандарттарга туура келбестиги менен түшүндүрдү. Чехиянын тышкы иштер министрлиги Твиттерге жазгандай, орус дипломаттарынын бири персона нон-грата катары жарыяланган жана ага өлкөдөн чыгып кетүүгө 72 саат берилген.
Дагы караңыз
"Түндүк-Түштүк" автожолунун Жумгалдагы тилкесинин абалы талкууландыКыргыз жарандыгына өтүүнү каалагандар көбөйгөнү кабарландыОрусиядагы кыргыз жарандарынын 5% аскерге милдеттүү болушу ыктымалдыгы айтылдыОрусия менен Украина айрым маселеде тил табышты