Футбол: Намангандагы кубокто Кыргызстан Тажикстанга утулду

Кыргызстандык спортчулар. Архив.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Өзбекстандын Наманган шаарында өтүп жаткан “Навруз кубогу-2022” эл аралык турниринде 3-орун үчүн оюнда Тажикстанга (1-0) утулуп калды.

Оюндун жүрүшүндө Кыргызстандын курама командасынын эки, Тажикстандын эки оюнчусу кызыл карта алып, оюндан четтетилди.

Турнирге төрт улуттук команда катышкан. Кыргызстан 25-мартта Өзбекстан менен ойноп, 3-1 эсебинде утулган.

Финалдык оюн бүгүн, 29-мартта болуп, анда Өзбекстан менен Уганда ойнойт.

Кыргызстандын курама командасы мелдешке даярдык көрүү үчүн Түркияда машыккан.

Дагы караңыз

Парламент ролу. Өкмөткө умтулган депутаттарУкраина: Николаев администрациясына урулган сокку үч кишинин өмүрүн алды "Улут лидери" мыйзамы Назарбаевдерди коргой алабы?Журналисттин күтүүсүз өлүмү, блогердин камалышы