Кыргызстанда томолой жетим балдардын пенсиясы эки эсе көбөйтүлүп төлөнүп жатканын бүгүн 29-мартта “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Теңизбек Абжапаров билдирди:
“2021-жылдын 1-октябрынан баштап 3 миң сомго жеткиргенбиз. 2022-жылдын 1-январынан тартып атасынан да, энесинен да айрылган балдардын пенсиясын 6 миң сомго жеткирдик. Бир үй-бүлөдө үч бала болсо ар бирине 6 миң сомдон төлөнө турган буйрук чыгып, ошонун негизинде төлөп баштадык”.
2020-жылдагы расмий статистикалык маалымат боюнча, Кыргызстанда ата-эненин кароосу жок калган 18 жашка чейинки балдар 2 миңдин тегерегинде, алардын 700гө чукулу томолой жетим экени маалым болгон. (RK)
Дагы караңыз
Дастан Бекешов “Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам боюнча Конституциялык сотко кайрылдыБишкек менен Ош шаарларынын депутаттары отурган кичиавтобуска бак куладыАнкара: түрк тилдүү мамлекеттердин энергетика боюнча маселелери талкуулануудаПакистанда бийликке каршы митингге миңдеген адам чыкты