Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден "Путин бийликте калбашы керек" деп буга чейин айткан сөзүнө түшүндүрмө берди. Ал бул Американын расмий позициясы эместигин, болгону жеке кыжырдануусу экенин тактады.
“Мен бир да сөзүмдү артка кайтарбайм. Путиндин жосундарына жана анын кылгандарына кыжырдануумду билдирдим. Мен анда да, азыр да саясаттагы өзгөрүүлөр тууралуу сөз кылган жокмун. Өз сөзүм үчүн кечирим сурабайм”,-деди Байден.
26-мартта Байден Варшавада сүйлөгөн сөзүндө Путин бийликте кала албастыгын белгилеген. Мындан соң Ак үй президент Орусиядагы режимди алмаштыруу тууралуу эмес, Путиндин коңшу аймактарды басып алышы тууралуу айтканын билдирди. Американын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен дагы Американын расмий саясаты эч качан өзгөрбөстүгүн жана Вашингтондун Орусияда же башка бир мамлекетте режимди алмаштыруу максаты жок экенин баса белгилеген.
Дагы караңыз
Нурлан Шакиев "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын төрагасы болуп шайландыИИМ чет өлкөдөгү жумуш тууралуу жалган маалыматтар жөнүндө эскертти ЖК комитети Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды