Нурлан Шакиев "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын төрагасы болуп шайланды

Нурлан Шакиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Шакиев "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу депутат Айбек Осмонов билдирди.

Буга чейин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына сунушталган Бакыт Төрөбаев жетектеп келген.

Нурлан Шакиев бир мандаттуу Аксы округунан депутаттыкка шайланган. "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы 33 депутаттан турат. Анын 18и бир мандаттуу округдардан шайланып келген депутаттар.

Дагы караңыз

ЖК комитети Төрөбаевдин талапкерлигин жактырдыАкылбек Жапаров кумарканаларды кайра ачууну жактады Таңкы Азаттык (3-чыгарылыш)Соттордун ишин баалоо системасын киргизүү сунушталды