Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети 28-мартта Жер кодексине, "Жайыттар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, жактырды.
Бул долбоорго байланыштуу коомдо, парламентте талаш-талкуу чыккан. Депутат Султанбай Айжигитов документ "жерди бай адамдарга алып берүүгө жол ачарын" эскерткен.
Айыл чарба министрлиги долбоор жайыттарды сарамжалдуу пайдаланууга багытталганын билдирген. Ошондой эле жалпы жайыттардын 10% бакча катары өздөштүрүлөрүн, бул Кыргызстандагы жемиш бактары тигилген жерден эки эсе көп экенин түшүндүргөн.
Министрлик өздөштүрүлгөн жайыттар жеке менчикке берилбей турганын, айыл чарба аянтынын мамлекеттик фондунун курамына киргизилип, 5 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилерин белгилеген.
Кыргызстанда жалпысынан тогуз миллион гектар жайыт бар. Чөп жакшы чыкпаган, кунарсыз жайыттар 500 миң гектарга чейин деп эсептелген.
2015-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 36 миң гектар жерде гана көп жылдык өсүмдүктөр өстүрүлгөн.
Дагы караңыз
Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 500 миллиондой доллар бөлүнөтТүркияда Украина менен Орусиянын бетме-бет сүйлөшүүлөрү башталат Акылбек Жапаров мал базарларга чукул арада асфальт төшөөнү тапшырды«Новая газета» ишмердүүлүгүн токтото турарын жарыяладыПутин «дос эмес өлкөлөрдөн» газ үчүн акыны рубль менен алууну тапшырды