Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-мартта президенттик аппараттын кеңешмесинде билдирди.
"Жакынкы арада Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу башталат. Каржы ресурстары бар. Финансы министрлиги жакында курулуштун биринчи баскычы үчүн 498 млн. АКШ долларын мобилизациялайт. Бул бизге кошумча 1000 МВт берип, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздайт", - деди Жапаров.
Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу өткөн кылымдын 80-жылдарында эле пландалган. Ал Нарын дарыясынын жогорку жагында, Жалал-Абад облусунун аймагында курулушу керек.
2010-жылдан тартып кыргыз бийлиги Орусия менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСине байланыштуу келишимге кол койгон. Бирок бул долбоор ишке ашырылбаганы үчүн кыргыз тарап келишимди бир тараптуу токтоткон.
Президент Садыр Жапаров 2021-жылы мартта Өзбекстандагы мамлекеттик сапарында Камбар-Ата-1ди коңшу өлкө менен чогуу куруу тууралуу келишим түзүлгөнүн айткан.
2010-жылы Камбар-Ата-2 ГЭСинин бир агрегаты ишке берилген. Буга чейин анын экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү долбоорун Евразия өнүгүү банкы каржылай турганы кабарланган.
Дагы караңыз
Украин-орус согушуна Анкара арачы түшөт "Укугум бар": мал чарбасына таандык үй талашка түштү Баткен: прокурорлор кызматтан кетип, айыл башчылар камакта калдыПодполковниктин өлүмүнө шектүүлөр кармалдыБорбор Азия орус пропагандасына каршы тура алабы?