Күттүргөн драма театры эшигин ачты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры үч жылдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды. 27-март - эл аралык театр күнүндө чыгармачыл жамаат акын, драматург Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын негизинде даярдалган "Төлгө" аттуу спектаклди тартуулашты.