Медицина кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Бишкек шаарында медицина кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Үйдүн курулушу болжол менен 2023-жылдын апрель-май айларында бүтүшү мүмкүн. Буга чейин салынган 8 кабаттуу имараттын каркасын 12-кабатка чейин көтөрүү пландалууда. Курулуш иштери аяктаганга чейин турак-жай алуу тартиби аныкталат.

"Байтик Баатыр менен Абды Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишине ар бири 144 батирлүү алты үй салынат. Биринчисинин курулушу башталды. Түрк ишкерлери алып койгон жер болчу, ал жакка барып сүйлөшүп, министрликке өткөрүп алдым. Үйдү "Алтын балалыкты" салып жаткан балдар курууда",-деди саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Саламаттыкты сактоо министрлиги курулушу башталган турак-жай медицина кызматкерлери үчүн курулуп жаткан биринчи үй экенин билдирди.

Мамлекеттик ипотека компаниясы 21-февралдан тартып "Менин үйүм — 2021-2026" турак жай программасынын алкагында өнөктөш банктар аркылуу “Жеңилдетилген ипотека” (бюджеттик тармактарда иштегендерге 4%) жана “Арзан ипотека” (бардык категориядагы жарандар 8% менен) багыттары боюнча насыяларды каржылоону жандантты.

Дагы караңыз

Таңкы Азаттык (3-чыгарылыш)Шашылыш билдирүү: ӨКМ кар көчкү жана сел коркунучун эскерттиБакыт Төрөбаев өкмөт башчынын орун басарынын милдетин аткарат Украина: Кремл согуш тактикасын өзгөрттүбү?