Баткен милициясы: подполковник Мухамадиевге анын жээни бычак сайган

Баткен шаары.

Баткендин ички иштер башкармалыгы облустук милициянын башчысынын орун басары Аскарали Мухамадиевдин өлүмүнө байланыштуу анын жээни, мурда бир нече жолу соттолгон Н.С. аттуу жаран жана анын шериктери кармалганын билдирди.

Жекшембинин кечинде жарыяланган расмий билдирүүгө ылайык, подполковник Мухамадиевдин көкүрөгүнөн жараат алып, каза болгондугу тууралуу маалымат милицияга 27-мартта саат 11:17лер чамасына келип түшкөн. Белгисиз адамдар Мухамадиевдин сөөгү салынган Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунааны Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн алдына таштап кетишкен.

Милициянын маалыматына караганда, Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну, мурда бир нече жолу соттолуп, жакында кылмыш жазасынан бошоп келген Н.С. аттуу жаран Мухамадиевди учтуу нерсе менен көкүрөк тушуна сайганы аныкталды.

«Кылмыштын изи сууй электе Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылында кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында изин жашырып жүргөн жеринен 34 жаштагы Н.С. жана анын кылмыштуу шериктери кармалды», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Бул окуя боюнча Кылмыш жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» (122-берене) беренеси сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Буга чейин айрым булактар шектүү Мухамадиев менен шаардагы кафелердин биринде жолугуп, экөөнүн ортосунда чыр чыкканын билдиришкен.

Аскарали Мухамадиев 1974-жылы Баткен облусунда туулган. Ал милицияда 2000-жылдардын башынан бери иштеп келген.

Дагы караңыз

Украина: Кремл согуш тактикасын өзгөрттүбү? Генерал Буданов: Орусия Украинаны экиге бөлүүнү көздөйтТеатрдагы демократия, атактуу режиссердун акыркы аманаты Талибдер балдар менен кыздарды оюн-зоок жайларына чогуу киргизбейт Блинкен АКШ Орусияда режимди өзгөртүүнү көздөбөй турганын айттыКыргыз улуттук драма театры үч жылдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды