Генерал Буданов: Орусия Украинаны экиге бөлүүнү көздөйт

Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгынын жетекчиси Кирилл Буданов.

Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгын кызматынын башчысы, генерал Кирилл Буданов Орусия Украинаны экиге бөлүүнү көздөп турганын айтты. Анын мындай билдирүүсүн Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгы 27-мартта жарыялады.

Анда Буданов орус президенти Владимир Путин Киевдин айланасындагы ийгиликсиз чабуулдарынан жана борбордук бийликти кулатуу боюнча натыйжасыз аракеттеринен кийин багытын өзгөртүп, Украинанын түштүгү менен чыгышына басым жасай баштаганын, Москва "корей сценарийин" Украинада ишке ашырууну караштырып жатканын белгилеген.

"Башкача айтканда, ал биздин өлкөнүн оккупацияланбаган жана оккупацияланган аймактарынын ортосунда бөлүштүрүү линиясын таңуулоого аракет кылат. Иш жүзүндө бул Украинада Түндүк жана Түштүк Кореяны түзүү аракети. Анткени ал мамлекеттин баарын басып алууга алы келбейт", - деп айтты генерал.

Ошондой эле Буданов Украинанын орус күчтөрү басып алган аймактарында украиндердин партизандык согушу жакын арада баштала турганын да кошумчалады.

Жума күнү Орусиянын армиясы Украинадагы "операциясынын" биринчи фазасы аяктаганын, эми Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагын "бошотууга" көңүл буруларын билдирген.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери миңдеген жайкын тургундардын жана аскердик кызматкерлердин өмүрү кыйылды.

Дагы караңыз

Талибдер балдар менен кыздарды оюн-зоок жайларына чогуу киргизбейт Блинкен АКШ Орусияда режимди өзгөртүүнү көздөбөй турганын айттыКыргыз улуттук драма театры үч жылдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды Кыргызстандык кыздар Алматыда нано спутник учурушту