Баткен: милиция башчысынын орун басары киши колдуу болду

Аскарали Мухамадиев

Баткен облустук милициясынын башчысынын орун басары Аскарали Мухамадиев киши колдуу болгону кабарланууда. Бул тууралуу облустагы ишенимдүү булактар кабарлашты. Маалыматка ылайык, 47 жаштагы Мухамадиевди 27-мартта бычактап кетишкен. Учурда окуянын жагдайлары иликтенип жатат.

Облустук ички иштер башкармалыгы Мухамадиевдин өлүмүн ырастады. Анын кандай жагдайда каза тапканын тактаган жок.

Аскарали Мухамадиев 1974-жылы Баткен облусунда туулган. Ал милицияда 2000-жылдардын башынан бери иштеп келген.

Дагы караңыз

“Улуттук кызыкчылыктын жоктугу келечекти талкалайт”Украинада окко учкан теги кыргызстандык дагы бир жигиттин сөөгү келди "Украинада маанилүү кызматтагы мекендештер ишин улантууда" “Усубалиев менен Кулматовдун тирешинен жабыр тарткам”Орусия Украинанын Львов шаарын ракетадан аткылады