Бишкекте курулуштун дубалы урап, үч киши жаракат алды

Сөз болгон үйдүн кулаган дубалы. 27-март, 2022-жыл

Бишкектин Жаш Гвардия көчөсүндөгү жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы урап, жанындагы эки кабаттуу турак жайдын чатырын тешип кетти.

Анын кесепетинен үч адам жаракат алганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя өткөн түнү болгон. Курулушу жүрүп жаткан көп кабаттуу үйдүн кум кышынан (пескоблок) тургузулган дубалы ураган. Натыйжада жанында жайгашкан үйдүн чатыры талкаланып, 64 жаштагы кожойкени басып калган. Ага медициналык жардам көрсөтүлдү. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыккандай, дубалы ураган үйдү "Кейжи Восток Сервис" аттуу компания куруп жаткан. Юстиция министрлигинин базасында бул компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири катары Жогорку Кеңештин депутаты Жусуп Коргонбай уулу көрсөтүлгөн.

Кырсык боюнча депутат комментарий бере элек. (BkA)

Дагы караңыз

“Улуттук кызыкчылыктын жоктугу келечекти талкалайт”Украинада окко учкан теги кыргызстандык дагы бир жигиттин сөөгү келди "Украинада маанилүү кызматтагы мекендештер ишин улантууда" “Усубалиев менен Кулматовдун тирешинен жабыр тарткам”Орусия Украинанын Львов шаарын ракетадан аткылады