Хельсинки комитети Токтакуновдун камалышына камтамачылыгын билдирди

Нурбек Токтакунов

Норвегиядагы Хельсинки комитетинин расмий сайтына кыргыз бийлигин Нурбек Токтакуновду коё берип, өлкө аймагында Украинадагы согушка каршы акцияларды өткөрүүгө уруксат берүүгө чакырган билдирүү жарыяланды.

Уюмдун саясий маселелер боюнча кеңешчиси Ивар Дале адвокаттын кармалышына байланыштуу окуянын саясий жагдайы нааразылык жаратканын белгилеген.

"Орусиянын Украина менен согуштагы ырайымсыздыгы дүйнөнү нес кылды. Дүйнөдөгү борбор шаарлардагы Орусиянын элчиликтеринин алдындагы акциялар кадыресе көрүнүшкө айланды. Кыргызстандын жарандык активлүүлүк жана сөз эркиндигин урматтоо боюнча өз жолу бар. Ошондуктан азыр жарандардын конституциялык укуктарын чектөөчү мезгил эмес".

Нурбек Токтакунов 25-мартта беш суткага камалган. Ал Бишкектеги Биринчи май райондук милиция бөлүмүндө кармалууда. 24-мартта Биринчи май райондук соту Токтакуновду судьяларды тилдеген деген негизде "Майда бейбаштык" беренеси боюнча мыйзам бузду деп тапкан. Бул айыпка адвокаттын 17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинадагы согушка каршы пикет өткөргөн учурда соттордун дарегине айткан сөзү негиз болгон.

Жарандык коомдун өкүлдөрү Нурбек Токтакуновго карата сот чечимин куугунтук катары санап, 25-мартта нааразылык акциясын өткөрүшкөн.(BkA)

Дагы караңыз

Акча алмаштыруучу алты жайдын лицензиясы убактылуу токтотулдуБишкек-Нур-Султан: чек арада жүк ташуучу унаалардын кезегин болтурбоо макулдашылдыМариуполдо 200дөн ашуун сөөк бир жерге көмүлгөн болушу мүмкүн экени айтылды УКМК издөөдө жүргөн "Хизб ут-Тахрир" уюмунун лидери кармалганын билдирдиОрозонун башталышы 28-мартта аныкталат