Путин Украинага кол салууга катышкандарды "согуш ардагери" деп тааныган мыйзамга кол койду

Владимир Путин

Орус президенти Владимир Путин Украинага кол салууга катышкандарды "согуштук аракеттердин ардагери" деп тааныган мыйзамга кол койду.

Коргоо министрлиги иштеп чыккан бул документти Мамлекетти Дума 23-мартта дароо үч окууда кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, согушка катышкандарды жана жарадар болгондорду пенсия, турак жай менен камсыздоо, медициналык кызмат көрсөтүүдө жеңилдик берип, каза болсо акыркы сапарга узатуу каралган.

Орусияда согуштун ардагери деген наам буга чейин өткөн кылымдын башындагы жарандык, Экинчи дүйнөлүк согуштун жана башка куралдуу аракеттердин катышуучуларына берилип келген.

Дагы караңыз

Байдендин Европадагы сапары аягына чыгуудаЖапаров  "Центерра Голд" менен Кумтөр боюнча дооматтарды жөнгө салууну караган токтомго кол койдуЖурналист Арзыгүл Галымбетова каза болдуБишкекте Украинага тилектештик акциясы өтүүдөЛейлекте айыл башчыларды бошотууну талап кылгандар митингге чыкты