Орозонун башталышы 28-мартта аныкталат

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, Рамазан айынын качан башталары дүйшөмбү күнү, 28-мартта белгилүү болуп, элге жарыяланат.

Рамазан айынын башталышы айдын чыгышына жараша аныкталат, бир күн айырмаланышы мүмкүн. Бул жылы болжол менен 2-3-апрелге туш келери айтылууда.

Рамазан айында мусулмандар 30 күн орозо кармайт. Орозо Айт майрамы менен жыйынтыкталат.

Дагы караңыз

Бишкекте Украинага тилектештик акциясы өтүүдөЖурналист Арзыгүл Галымбетова каза болдуЛейлекте айыл башчыларды бошотууну талап кылгандар митингге чыктыАба ырайы: Тоолуу райондордо кар жаайт