27-мартта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы айрым райондордо секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5°, күндүз 5…10°
Таласта түнкүсүн -1…4°, күндүз 4…9°
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнү 3…8° күндүз 6…11°
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-2°, күндүз 5…7°
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-2°, күндүз 3…5°
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2...+3°.
Бишкекте түнү жамгыр жаайт. Абанын табы түнкүсүн 4…6, күндүз 8…10° болот.
Дагы караңыз
Таласта Buurchak Feast-2022 иш-чарасы өтүүдөМакрон Франция Мариуполдо гуманитардык миссиясын даярдап жатканын билдирдиЕвробиримдиктин үч өлкөсү 10 пункттан турган “Украинаны сактап калуу планын” сунуштадыӨзбекстанда "Скайпка" чектөө алындыБишкекте журналист Бүбүкан Досалиеваны эскерүү иш-чарасы өтүп жатат