Таласта Buurchak Feast-2022 иш-чарасы өтүүдө

Иллюстрациялык сүрөт

ЖИА бизнес-ассоциациясынын Таластагы өкүлчүлүгү жана облустук акимчилик уюштурган фестивалга жергиликтүү дыйкандар менен айыл чарба адистери катышууда.

Көргөзмөгө Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары коюлган. Фестивалдын максаты - ишкерлерге аянтча түзүү жана жергиликтүү өнүмдү колдоо болуп саналат. Мындан сырткары бул тармактагы адистер, ишкерлер тажрыйбалары менен бөлүшүүдө.

Иш-чара алкагында төө буурчактын уругун туура тандоого жөнүндө окуулар өтүп, көргөзмө уюштурулду. Бул үчүн атайын эксперттер чакырылган.

Фестивалды Таласта үчүнчү жолу өткөрүп жатышат.

Төө буурчак - Талас облустунда көп эгилген өсүмдүк. Жылына 90 миң тоннанын тегерегинде түшүм өндүрүлөт. Расмий маалыматтарга караганда, Талас облусунун калкынын 80% төө буурчак менен жан багат. (MKt)

Дагы караңыз

Бишкекте Украинага тилектештик акциясы өтүүдөНарында жаңылыш дары сайылган келиндин абалы турукташканы айтылдыМинистр Бейшеналиев прокуратуранын эскертүүсүнө берген жообу тууралуу түшүндүрмө бердиӨтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө коюлду