Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө коюлду

Өтмөк.

Бул тууралуу 26-мартта "Азаттык" радиосуна Таластагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ашууда жеңил машинелер гана өтүп жатат.

Оор жүк ташуучу унаалар Талас районунун Бекмолдо айыл аймагынан артка кайтарылууда. Чектөөнүн мөөнөтү азырынча белгисиз.

Синоптиктер Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин билдирип, унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырууда. (MKt)

Дагы караңыз

Өкмөт айыл чарба техникасын сатып алууга 199 млн. сом бөлөтЖурналист Арзыгүл Галымбетова каза болдуӨзбекстанда "Скайпка" чектөө алындыМакрон Франция Мариуполдо гуманитардык миссиясын даярдап жатканын билдирди