Свердлов округу боюнча Шайлообек Атазов жеңүүчү деп табылды

Шайлообек Атазов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 25-марттагы отурумунда Бишкектин Свердлов округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы чыгарылып, талапкер Шайлообек Атазов жеңүүчү деп табылды. БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов эми Атазовдун депутат кылып каттоо маселеси караларын “Азаттыкка” маалымдады.

22-мартта Жогорку сот Свердлов округундагы кайра шайлоодо биринчи орунду алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызын карап, Бишкектин административдик соту чыгарган чечимди күчүндө калтырган. Бишкектин административдик соту 15-мартта БШК Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарган чечимин колдогон.

БШК 9-марттагы отурумунда Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарып, ага добуш сатып алуу фактысы себеп болгонун белгилеген.

Талапкер БШКнын дооматын четке кагып, аны "каралоо" катары сыпаттаган жана административдик, кийин Жогорку сотко арызданган.

27-февралда өткөн кайра шайлоодо Бишкектин Свердлов округу боюнча 1-орунду Абдурахманхажи Муртазалиев, 2-орунду Шайлообек Атазов, 3-орунду Аскар Алмаз уулу ээлеген.

Атазов 28-ноябрдагы шайлоодо Төлөйкөн округунан Нурбек Алимбековго 2000ге жакын добуш менен утулуп калган. Алар бири-бирин добуш сатып алууга айыптап, сотко чейин кайрылышкан. (TSh)

Дагы караңыз

Исманкуловдун медициналык борборун көчүрүү боюнча чыр уланууда  Министрлик Дорбоевдин тажыясына кыргыз аскерлеринин катышканы боюнча түшүндүрмө бердиПрезидент Жапаров Атамбаевдин сотун ачык өткөрүүнү сурандыАкыйкатчы институту абактагы Атамбаевден кабар алды