Адвокат Абдил Сегизбаевден залалдуу шишик оорусу аныкталганын билдирди

Абдил Сегизбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевден залалдуу шишик оорусу аныкталганын адвокаты Кайсын Абакиров айтып чыкты. Жактоочунун "Азаттыкка" билдиришинче, ал жүрөк оорусунан дагы жабыркай турганын мамлекеттик медицина мекемелери аныкташкан. Бул себептүү алар бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, сотко арыз жазууга даярданып жатышканын билдирди.

УКМК комментарий бере элек.

Сегизбаев бул мекемени 2016-2018-жылдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жетектеген. Ал "Белизгейт" окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) негизинде быйыл январда кармалган. Камакка алынардын алдында өзүнө карата козголгон иштерди “саясий өч алуу” деп атаган.

Ал 2021-жылы сентябрда УКМКнын алдындагы ооруканага жаткырылып, анын эмнеси ооруп ооруканага түшкөнү айтылган эмес.

Ошондой эле 2021-жылы президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаровду кескин сындап чыккан.

Башкы прокуратура атайын кызматтын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге карата жалпысынан алты иш тергелип жатканын билдирген. Алардын ичинде “Белизгейт” окуясы, кызматтык батирлерди, бюджеттик акчаны бөлүштүрүү, жер тилкелери, энчилүү курал менен сыйлоо бар. (КЕ)

Дагы караңыз

Бишкекте Украинаны колдогон митинг өттүАтамбаевдин соту, тарапкерлеринин талабыCOVID-19дан каза тапкандардын 65% жүрөк-кан тамыр ооруларынан жабыркагандарЖапаров Кыргызстан мындан ары өз акчасына аскердик техниканын жаңысын алып турарын айтты