Украинадагы согушта каза болгон Эгемберди Дорбоевдин сөөгү бүгүн жерге берилет

Кара-Ой айылы. 2022-жылдын 25-марты.

Украинадагы согушта каза болгон теги кыргызстандык Эгемберди Дорбоевдин сөөгү бүгүн 25-мартта туулуп-өскөн Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жерге берилет.

Маркумдун сөөгү айылына 24-марттын кечинде жеткирилген.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, орус жараны Дорбоев каза болгонун Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 22-мартта расмий ырастаган.

Маркумдун жакындары анын курман болгонун 16-мартта укканын кабарлашкан. Орусиянын бир нече сайты ал 8-мартта каза болгонун жазышкан. Окко учкан жигит 19 жашта экени, сөөгү Кант авиабазасына жөнөтүлөрү маалым болгон.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгектенет. Бейрасмий маалыматка караганда, 400-500 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алган. (AiB)

Дагы караңыз

Кыйноого каршы борбор Атамбаев боюнча видеону көрүүгө уруксат берилбегенин билдирдиАКШ жана Жапония Түндүк Корея баллистикалык ракета учурганын айыпташты Батыш Орусияга санкцияларды күчөтүп, Украинага жардамын көбөйтмөй болдуДоллардын сомго карата расмий курсу дагы үч процентке төмөндөдүУкраинадагы согушта каза болгон Эгемберди Дорбоевдин сөөгү жерге берилди