Доллардын сомго карата расмий курсу дагы үч процентке төмөндөдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда доллардын арзандоосу уланууда. Соңку бир күн ичинде анын сомго карата Улуттук банк аныктаган расмий курсу 2,96% төмөндөдү.

24-мартта расмий курс 99,4 сом деп аныкталган болсо, 25-мартка карата 96,5 сомго түштү.

Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар 24-февралда Орусия Украинага басып кирген күндөн тартып кымбаттай баштаган. Эки апта ичинде анын куну дээрлик 20 сомго жогорулап, 105 сомго жеткен.

Кыргызстанда баалар доллардын курсуна карата аныкталгандыктан негизги азык-түлүк кымбаттап кетти. (RK)

Дагы караңыз

Кыргызстанда бүгүн кезектеги эл каттоо жараяны башталууда Баткен: Тажик тарап кыргыз чек арачыларынын автоматын кайтарып берди Украинадагы уруш качан жана кантип токтойт?Базарбеков сот тармагы журналисттерге ачык болорун айтты