Кошмо Штаттары Москванын Украинага кол салуусуна байланыштуу чараларын кеңейтип, Орусиянын Мамлекеттик Думасына өзүнчө мекеме катары жана анын 328 депутатына өз-өзүнчө санкция салды. Бул алардын АКШдагы мүлктөрүн камакка алуу, кирүүсүнө тыюу салуу жана башка чектөөлөрдү камтыйт.
Вашингтон мындан сырткары "Сбербанктын" жетекчиси Герман Грефти, миллиардер Геннадий Тимченконун аялын, Орусиянын коргонуу тармагындагы ишканаларынын башчыларын, ондогон компанияларды жана аскердик-өндүрүш менен байланышкан орус ишканаларын "кара тизмеге" киргизди.
Мурдараак Европа Биримдиги өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялап алган аймактарды Орусиянын таануусуна байланыштуу Мамдуманын 351 депутатына жана жогорку кызматтагы 27 аткаминерине санкция салган. Бул санкцияларды Улуу Британия дагы колдоду. Санкциялар орус аткаминерлеринин Евробиримдиктин жана Улуу Британиянын аймагына киришине жана алар аркылуу өтүүсүнө тыюу салат. Уюмга мүчө мамлекеттердеги активдери камакка алынат, банктарда эсеп ача албайт.
21-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялады. Ошол эле күнү Федералдык Кеңеш орус аскерлерин Донбасста колдонууга уруксат берди. Натыйжада 24-февралда Орусиянын аскерлери Украинанын аймагына басып кирип, жүздөгөн адам каза таап, миллиондогону үй-жайын таштап качууга мажбур болду. (ErN)
Дагы караңыз
ИИМ Бангладеш жарандары боюнча билдирүү тараттыУКМК кыргыз-тажик чек арасында ок атылганын маалымдады Украина: согуш бир айда 128 баланын өмүрүн кыйдыАтамбаевдин соту, тарапкерлеринин талабы