Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы Евразия экономикалык биримдигинин бажы мыйзамдарын бузуу менен Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке эки тик учак алып келингенин билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкектин “Манас” бажысына 2021-жылдын 17-августунда Дүйшөмбү шаарынан “Ф.С.Э.” жоопкерчилиги чектелген коомуна “МИ-8”, “МТВ-1” вертолёттору келген. Бирок, аларга карата бажы операциялары жүргүзүлгөн эмес. Товардын наркы 640 000 долларды түзүп, мамлекетке келтирилген чыгым 3 млн. 519 миң 723 сом деп эсептелген.
Учурда бул фактыны Башкы прокуратура иликтеп жатат.
Кыргызстандын Бажы кызматы эки техниканы алып келген кайсы ишкана экенин жана эмне иш кыларын маалымдаган жок. (TSh)
Дагы караңыз
Нарындын Ак-Сай өрөөнүнө калың кар түшүп, малчыларга тоют жеткирилдиСот Next TV телеканалынын директорун абакта калтырдыАба ырайы: Жаан, кар жаайтМурдагы министр Жунушалиевди сотко мажбурлап алып келүү чечими чыкты