Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндөгү кыштоолорго барчу жолдогу калың кар тазаланып, малчыларга 400дөй боо чөп жеткирилди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Өрөөнгө бир метрдей кар жаагандыктан, жолдор жабылып калган.
Облус бийлигинин маалыматына ылайык, өрөөндөгү кыштоодо сексенге жакын үй-бүлө мал багып жашайт. 200дөй тургундун алтымыштайы балдар.
Кыргызстандын аймактарында эки жумадан бери жамгыр, кар жаап жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Оштун Кара-Суу районундагы Учкун айылынын тургундагы туруксуз аба ырайынан улам коопсуз жайга көчүрүлгөнүн кабарлаган. (TSh)
Дагы караңыз
"Торугарт" аркылуу Кытайдан күнүнө 100 жүк ташуучу машине өтө баштадыСот Next TV телеканалынын директорун абакта калтырдыАба ырайы: Жаан, кар жаайтМурдагы министр Жунушалиевди сотко мажбурлап алып келүү чечими чыкты