Кыргыз-Түрк ооруканасы жүрөк ооруларды дарылай баштады

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы 2021-жылдын сентябрь айынан бери иштеп жатат. Анда азырынча жүрөк, кан тамыр оорулары менен жабыркаган бейтаптар дарылана алышат. Эки өлкөнүн ортосундагы келишимге ылайык, ооруканада Түркиянын дарыгерлери иштеп, үч жылдан кийин башкаруу толугу менен кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет.