25-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 8…13;
Талас жергесинде түнкүсүн -3...-8, күндүз 5…10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17;
Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10;
Бийик тоолордо түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5 градус.
Бишкекте түнкүсүн маал-маалы менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 11…13 градус болот.
Дагы караңыз
№47 колониянын алдында Атамбаевдин тарапкерлеринин акциясы өттүӨКМ Ысык-Көлдөгү ашуулар убактылуу жабылганын билдирди“Бригадир Кулжанбектин аңгемелери”Тышкы карызды төлөөгө быйыл кошумча алты миллиард сом талап кылынууда