24-мартта кар калың жаагандыктан, Ысык-Көл облусундагы айрым ашуулар убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 26-мартка чейин Каракол – Эңилчек автоунаа жолунун 38-112- чакырымында убактылуу жол жабылып, тозот коюлду. Мындан сырткары Чоң-Ашуу ашуусунда калың жааган кар жолду жаап калган. Аймакта бороон-чапкын болуп жаткандыгына байланыштуу тазалоо иштери токтотулду.
22-мартта Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон - Ак-Шыйрак - Сөөк ашуусуна каттаган автоунаа жолунун төрт тилкесинде 10 миң м3 кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Тазалоо иштери жүрүүдө. Түп – Кеген унаа жолу эки тараптуу жабылган. Учурда жол тазаланып жатканы кабарланды.
Маалыматка ылайык, жабыркагандар катталган жок. Бардык жерде жергиликтүү жол тейлөө мекемелеринин техникалары тартылган.
Синоптиктер 28-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, айрым жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертүүдө. (КЕ)
Дагы караңыз
УКМК башчысы Баткен аркылуу негизги азык-түлүк ташылып кетип жатканын айтты Акылбек Жапаров Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин билдирди Кадыркулов: Украинанын аймагында 68 кыргызстандык калдыӨкмөт кризиске каршы жети пункттан турган план иштеп чыкты