АКШ президентинин Европа сапары башталды

Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден 23-мартта Европа сапарын баштады. Ал НАТО уюмундагы өнөктөш өлкөлөрдүн башчылары менен Орусиянын Украинадагы агрессиясына каршы мындан аркы кадамдарды талкуулай турганы маалымдалды.

Бүгүн 24-мартта Байден Бельгиянын борбору Брюсселде НАТОнун Украина боюнча чукул саммитинин ишине катышат.

Саммиттин катышуучуларына видео байланыш аркылуу украин президенти Владимир Зеленский кайрылуу жасайт.

Байден "Чоң жети" уюмунун жыйынына жана Европа биримдигинин саммитине да катышат.

25-мартта Кошмо Штаттардын президенти Польшанын борбору Варшавага барат. 26-мартта бул өлкөнүн жетекчилиги менен жолугуп, коңшу Украинага аскердик жана гуманитардык жардам берүү маселелерин талкуулайт.

24-февралда Орусия Украинага кол салган. Салгылашуу уланууда. Тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн жыйынтык боло элек. (RK)

Дагы караңыз

Киевде The Insider басылмасынын кабарчысы каза таптыОрусияда Навальныйды колдогон жүзгө жакын полиция кызматкери иштен алынганы айтылды Евробиримдик Украинага бериле турган жардамын эки эсе көбөйттү Орусиянын Украина боюнча резолюциясынын долбоору колдоо тапкан жок