Киевде The Insider басылмасынын кабарчысы каза тапты

Киев. 2022-жылдын 21-марты.

Украинада ракеталык чабуулдан The Insider басылмасынын кабарчысы Оксана Баулина каза болду. Басылма 23-мартта кабарлагандай, журналист редакциянын тапшырмасы боюнча Киевде орус аскерлеринин аткылоосуна кабылган Подольский районундагы абалды видеого тартып иштеп жаткан.

Буга чейин Оксана Баулина "Навальный LIVE" каналында, "Ачык Орусия" долбоорунда иштеген, “Свобода” радиосу жана "Медиазона" менен кызматташып келген.

2017-жылы “Свобода” радиосу Баулина тууралуу документалдык тасма тарткан. Ал кезде журналист "Навальный Live" каналынын башкы редактору болчу. (RK)

Дагы караңыз

Орусияда Навальныйды колдогон жүзгө жакын полиция кызматкери иштен алынганы айтылды Евробиримдик Украинага бериле турган жардамын эки эсе көбөйттү Орусиянын Украина боюнча резолюциясынын долбоору колдоо тапкан жокАКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайт көз жумду