Орусиянын Украина боюнча резолюциясынын долбоору колдоо тапкан жок

БУУнун Коопсуздук кеңеши. Архивдик сүрөт.

Орусиянын Украина боюнча резолюциясынын долбоору Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде тийиштүү добуш топтой алган жок. Би-Би-Си 24-мартта маалымдагандай, ал долбоорго Орусия өзү жана Кытай гана добуш беришти.

Коопсуздук кеңешинин калган 13 мүчө өлкөсү добуш берүүдөн карманышты.

Кеңештин туруктуу мүчөлөрү болгон АКШ, Британия жана Франция ага вето коюшкан жок.

Резолюциянын долбоорунда атышууну токтотуу, согуш жүрүп жаткан аймактардан жайкын тургундарды эвакуациялоо чакырыктары жазылган. Бирок Коопсуздук кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү аны колдоодон баш тарткан негизги себеби – жаралган гуманитардык кризистин күнөөкөрү болгон Орусияга карата айыптоо жазылбаганы айтылды.

Орусиялык долбоорго тең автор болууга Беларус, Сирия жана Түндүк Корея макул болушту, бирок алар Коопсуздук кеңешинин мүчөсү эмес.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Ортодогу тынчтык сүйлөшүүлөрү натыйжа бере элек. (RK)

Дагы караңыз

АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайт көз жумду Байден менен Столтенберг Орусия химиялык курал колдонушу ыктымалдыгын эскертти"Чехтер орус армиясынын агрессиясын унута элек"Иран өзөктүк программа боюнча сүйлөшүү аяктап калганын маалымдады