S-LINE турак жай кооперативинин жетекчиси үй камагына чыкты

“S-LINE” турак-жай кооперативинин жетекчиси.

Ош шаардык сотунун чечими менен каржылык алдамчылыкка шектелген S-LINE коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси Бактыбек Аалиев үй камагына чыгарылды. Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы сот отуруму 22-мартта болгонун “Азаттыкка” маалымдады.

“Сот Бактыбек Аалиевге анча оор эмес кылмыш ишине байланыштуу үй камагына чыгарган. Андан сырткары Аалиевдин үй-мүлкү камакка алынды”, - деди.

16-мартта S-LINE коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси Алиев Ошто адамдарга үй алып берүүнү убада кылып, акча алып, бирок аны аткарбай жүргөн деп шек саналып кармалган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы S-LINE кооперативине каршы 24 киши арыз жазганын билдирген. Келтирилген зыян 40 млн. сом деп эсептелген.

Ош шаардык милициясы кооператив алдамчылык менен алектенген каржы пирамида катары иш жүргүзгөнүн билдирди. Тергөөдө акча берген кээ бир гана адамдар турак-жайга жетип, көбү үй ала албай калганы аныкталган. Бул факты боюнча “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу” менен кылмыш иши козголгон.

Ош шаардык милициясы ушул сыяктуу турак жай кооперативдеринен алданган жарандарды арыз менен кайрылууга чакырды. Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт. Бейрасмий маалыматтар боюнча алардын саны жетимиштин тегерегинде деп эсептелет.

Улуттук банк адамдардан каржылык салымдарды чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен. Ошол эле кезде кооператив менен там алгандар да бар. (ArN)

Дагы караңыз

Кой-Таш окуясы боюнча сотко жеткирилген Атамбаев отурумга катышкан жокМинистр Исманкуловдун медициналык борбору көчүп жатканын билдирдиКумшекер жана өсүмдүк майы кошумча нарк салыгынан убактылуу бошотулду Бишкектеги №47 колония бузулуп, соттолгондор башка абактарга которулатБашкы прокуратура: Исаковдун Баткендеги видеосу боюнча текшерүү жүрүп жатат