24-мартта түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 2…7;
Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 1…6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;
Бийик тоолордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6 градус.
Бишкекте түнкүсүн маал-маалы менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 5…7 градус болот.
Дагы караңыз
Z жана V согуштун символуна кантип айланды? УКМК маңзат саткандарды калкалаган подполковник кармалганын билдирдиЖМКларга каршы арыздарды караган комиссия курамы жаңыландыОрусия ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн буудайга квота бермей болду