Украинада каза болгон кеминде төрт тажик жаранынын экөөнүн сөөгү жерге берилди

Украинада каза болгон тажик жарандары коюлган жер.

Украинадагы согушта орус армиясынын катарында каза болуп, мекенине жеткирилген кеминде төрт тажик жаранынын экөөнүн сөөгү жерге берилгенин “Азаттыктын” тажик кызматы 22-мартта жазды.

Алар Хатлон жана Согд облустарында туулган 50 жаштагы Саидакбар Саидов жана 38 жаштагы Рамазон Муртазоев экени маалымдалды.

Маркумдардын жакындары алар тууралуу журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартышты.

Тажикстандын көптөгөн жарандары Орусияда эмгек миграциясында жүрүшөт, алардын айрымдары орус жарандыгына өткөн.

Орусия Украинага 24-февралда басып киргенден бери согуш токтой элек.

Орус жарандыгы бар кыргыз жигит, Ысык-Көлдүн бир кулуну да Украинадагы согушта курман болду. Анын сөөгү бүгүн 23-мартта туулган айылында жерге берилет.

Орус армиясынын жоготуулары тууралуу жаңы маалымат азырынча жок. 22-мартта бул көрсөткүч 10 миңге чукулдаганы тууралуу маалымат чыгып, кайра өчүрүлдү. (RK)

Дагы караңыз

Z жана V согуштун символуна кантип айланды? Байден Европада Орусияга каршы жаңы санкциялар тууралуу жарыялайт Орусиядан дагы 100 миңдей IT-адис чыгып кетиши ыктымалдыгы айтылдыЗеленский: Мариуполдун жүз миңдей тургуну адам чыдагыс абалда турат