Жакынкы айларда Орусиядан 70-100 миң IT-адис чыгып кетиши ыктымал деген божомолун 22-мартта Baza басылмасы Орусиянын Электрондук коммуникациялар ассоциациясынын башчысы Сергей Плуготаренкого таянып жазып чыкты.
Макалада айтылгандай, буга чейин чыгып кеткендердин саны 50-70 миңдин тегерегинде болду.
Плуготаренконун пикиринде, авиа билеттер кымбаттабай, акча боюнча транзакция жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жоюлбаганда, Орусиядан кетип жаткан IT-адистер мындан да көп болмок.
24-февралда Орусия Украинада согуш баштагандан бери Бишкекте жана Ошто да орусиялык программисттер кескин көбөйдү. (RK)
Дагы караңыз
Байден Европада Орусияга каршы жаңы санкциялар тууралуу жарыялайт Зеленский: Мариуполдун жүз миңдей тургуну адам чыдагыс абалда турат Макрон Путин менен Украина маселесин талкуулады