Байден Европада Орусияга каршы жаңы санкциялар тууралуу жарыялайт

Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден ушул аптада Брюсселде Кошмо Штаттардын европалык өнөктөштөрү менен жолугушууда Орусияга карата жаңы санкциялар жөнүндө жарыялайт. Бул тууралуу Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан 22-мартта журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, 24-мартта Орусияга каршы санкциялардын кошумча пакети гана эмес, аларды кыйгап өтүүгө жол бербөө чаралары тууралуу да маалымат берилет.

Байден Европа сапарында НАТО, G7 жана Европа кеңеши боюнча өнөктөштөр менен жолугушууларды өткөрүп, Орусиянын Украинада жүргүзүп жаткан согушуна каршы аракеттерди талкуулайт.

24-февралда Орусия Украинага басып киргенден бери бул өлкөнүн 10 миллионго чукул жашоочусу үй-жайын таштап качууга мажбур болду, алардын 3,5 миллионго жакыны чет өлкөлөргө чыгып кетти. (RK)

Дагы караңыз

Зеленский: Мариуполдун жүз миңдей тургуну адам чыдагыс абалда турат Макрон Путин менен Украина маселесин талкууладыБишкекте “Кыргызстандагы медиа: келечекке кадамдар” форуму өтөт Украинада каза болгон жигиттин сөөгү Кыргызстанга жеткирилет